• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте коменданттык саатты бузган 57 жаран кармалды – комендант

Коом 0

Бишкек, 19.04.20. /Кабар/. Бишкекте коменданттык саатты бузган 57 жаран кармалды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

"Коменданттык саатты бузган 57 жаран кармалды: 44 эркек, 13 аял. Аларга карата 57 протокол түзүлдү. Өзгөчө аба киргизилгенден бери коменданттык саатты бузган 2 миң 109 жаран кармалып, алардын ичинен 1 миң 829у эркек, 280и аял киши", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий