• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Билим берүү министри Эстониядан келген делегация менен санариптештирүүнү талкуулады

Коом 0

Бишкек, 25.04.23./Кабар/. Кечээ, 24-апрелде билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Эстониядан келген делегация менен билим берүүнү санариптештирүү маселесин талкуулады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, министр менен жолугушууга Эстония шаарлары жана айылдык муниципалитеттер ассоциациясынын аткаруучу директору Вейкко Лухалайд, Билим берүү жана жаштар департаментинин менеджери Катрин Кивисилд, 4 радиосунун жооптуу редактору Артур Аукон, Эстония ишкер аялдар ассоциациясынын консультанты Леена Кивисилд, эл аралык өнүктүрүү борборунун долбоордук менеджери Анна Силем жана ESTDEV кызматкерлери катышты.

Тараптар "DigiKonush санариптештирүү аркылуу элеттик коомчулуктар үчүн ачык-айкын келечек куруу" долбоорун ишке ашырууну талкуулашты.

Министр Иманалиев терең билим берүүчү жана жаңы технологияларды киргизген системаны түзүү боюнча Эстониянын тажрыйбасын жогору баалады.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө билим берүү жана илим тармагындагы кызматташуунун жаңы багыттарын каралды.

Пикир

Оставить комментарий