Өлкөдөгү үч мамлекеттик университетте элеттиктер үчүн санариптик көндүм борбору ачылды

Коом 0

Бишкек, 18.03.22. /Кабар/. Баткен, Ош жана К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университеттеринин базасында элеттиктер үчүн санариптик көндүм борборунун расмий ачылышы өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Ачылыш аземине маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбеков катышып келди.

Ал мындай борбордун ачылышы аймактагы жаштардын ар тараптуу калыптанышына жана өнүгүп-өсүүсүнө чоң түрткү бере турганын баса белгилеп, борбордун эшиги билимдин жана өнүгүп өсүүнүн гана уясы болсун деп катышуучуларга жана борбордун пайдубалын түптөлүшүнө салым кошкон инсандарга ыраазычылык билдирди.

Европа биримдигинин DigiKonush “Санариптештирүү аркылуу элеттик коомчулуктар үчүн ачык-айкын келечек куруу” аттуу долбоору элеттик аялдардын жана жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында санариптик технологияларды колдонууга көмөктөшүүгө багытталган.

Санариптик көндүмдөрдүн борборлору Баткен, Ош жана Ысык-Көл облустарындагы айыл округдарындагы жаштарды жана аялдарды санариптик сабаттуулукту жана өнүгүүнү жогорулатуу, жергиликтүү деңгээлдеги мамлекеттик иштерге инклюзивдүүлүктү жайылтуу, санариптик ишкердикти жана окууну күчөтүү аркылуу колдоо көрсөтүүнү көздөйт.

Ал элеттик жаштарды жана аялдарды санариптик көндүмдөргө окутуу, электрондук онлайн-курстарды, мамлекеттик кызматтарды онлайн алуунун мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу, санариптик коопсуздук жана кибергигиена боюнча маалымдоо жана кеңеш берүү платформалары болуп саналышат. Борборлордун ишине жарандык коомдук уюмдарынын, IT-коомчулугунун өкүлдөрү, Эстониялык эксперттер тартылышат.

Санарип көндүмдөр кербенинин максаты – элеттик аялдар менен жаштарга колдонуудагы тажрыйбалар тууралуу маалыматтарды берүү, алардын пикирин калыптандыруу жана өздүк санариптик демилгелер менен стартаптарды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга шыктандыруу болуп саналат.

Баткен университетинин базасындагы борбор Европа биримдигинин “Демократия жана адам укуктары” программасынын колдоосунда Enactus Кыргызстан менен ишке ашырылып жаткан “Жаш ишкер” долбоору тарабынан дагы колдоого алынды.

Долбоор чыгармачылык стартаптарды жана практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүү аркылуу жаштардын жана аялдардын ишкердик көндүмдөрүн илгерилетүүгө жана ишке орноштурууга багытталган.

Санарип көндүмдөр борборлору үч шаарда жана Кыргызстандын үч мамлекеттик университеттеринде Баткен, Ош жана Ысык-Көл облустарынын пилоттук коомчулуктарындагы студенттердин, окутуучулардын, элеттик аялдар менен жаштардын санариптик технологияларды колдонууну илгерилетүү үчүн түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий