Бишкек, 20.12.24./Акназик Тургунбаева - Кабар/. Бишкекте III Элдик курултай өз ишин улантууда. Баткен районунун Алтын-Бешик айыл өкмөтүнөн келген делегат Кылычбек Маматибраимов Баткен районунда алма-өрүк сактоочу чакан логистикалык борбор куруп берүүнү суранды.
Анын айтымында, алма-өрүктү сактоочу жана кайра иштетүүчү чакан логистикалык борборун куруу менен аталган өкмөттүн дыйкан-багбандарынын эмгеги акталып, киреше алып келмек.
“Биздин район тоолуу аймак болгондуктан, алма-өрүк көп өстүрүлөт. Бул айыл тургундарынын бир жылдык негизги кирешеси. Багбандардын өндүрүлгөн жемиштерин район борборлоруна жеткирүү үчүн эң алыскы айылдан 90 км чакырым жол жүрүүгө туура келет. Бул убакта жолдун алыстыгынан жана баалардын төмөн болгондугунан улам дыйкандардын эмгеги акталбай калууда. Ошол себептен биздин өкмөткө алма өрүк сактоочу жана кайра иштетүүчү чакан логистикалык борборун куруп берүүнү сунуштайм”,-деди ал.
Белгилей кетсек, Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда III Элдик курултай өтүп жатат. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 698 делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.
Пикир
Оставить комментарий