• 87.32
  • 94.96
  • 0.98

Бишкекте чоңдордун коштоосу жок жүргөн 22 өспүрүм аныкталды

Коом 0

Бишкек, 15.05.23. /Кабар/. Бишкекте рейд учурунда түн ичинде чоңдордун коштоосу жок жүргөн өспүрүмдөр аныкталды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, рейддин жүрүшүндө жалпысынан 22 жашы жете элек бала аныкталган, алардын ичинен 3 өспүрүм Ички иштер министрлигинин жашы жете элек балдардын арасында укук бузуулардын алдын алуу борборуна жана 1 жашы жете элек бала “Айданек” жашы жете электерди реинтеграциялоо борборуна жеткирилген. Ал эми 18 бала профилактикалык иштер жүргүзүлгөндөн кийин ата-энелерине өткөрүп берилген.

Белгилдей кетсек, рейдди Свердлов районунун акимчилигинин, райондук ички иштер башкармалыгынын балдар боюнча инспекциясынын, райондук билим берүү борборунун, Свердлов райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын, муниципалдык аймактык башкармалыгынын жана Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматынын кызматкерлери кароосуз калган жашы жете электерди, ошондой эле кайырчылык жана оор эмгек менен алектенген балдарды аныктоо максатында өткөрдү.

Пикир

Оставить комментарий