• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Баткен районунда узундугу 14 чакырым болгон каналдын курулушу аяктады

Аймак 0

Бишкек, 28.11.23. /Кабар/. Баткен районунун Кара-Булак айыл аймагындагы узундугу 14 чакырым болгон Кара-Кол каналын куруу, калыбына келтирүү иштери бүткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, бул долбоор өлкө эгемендүүлүк алганга чейин эле пландаштырылып, каналдын курулушу башталган менен толук аягына чыккан эмес. Ошондой эле Советтер Союзу убагында курулган каналдын башкы суу алуучу бөлүгү кум шагылга толуп, бузулуп, жараксыз абалга келгендиктен, суу узак жылдар бою жерге сиңип жаткан.

Натыйжада айылдарга сугат суу жетпей калган.

Облус башчысынын демилгеси менен башталган курулуштун алкагында бир жыл ичинде “Алтын-Бешик” тоолорунан агып түшкөн мөңгү суусун калктуу конуштарга жеткирүү үчүн, Сары-Таш, Таңги, Ак-Терек жайлоолору менен капчыгайларда каналдын курулушу жүрдү.

Ирригациялык объекттин курулушуна республикалык бюджеттен 23 млн сом бөлүнгөн, ал эми Агахан эл аралык уюумунан 24 млн сом грант каралып, темир суу түтүктөрү, курулушка керектелуучу материалдар алынган.

Бул ири долбоордун аякташы менен 1200 гектар жер сугат суу менен камсыз болуп, жакын жайгашкан айылдарга сугат суу берүү жакшырат.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, суунун башына чейин барып, каналдын курулушун толук көрүп чыкты. Аймактын сугат суу муктаждыгын чечүүдө каналдын зор маанисине токтолуп, өз мөөнөтүндө, сапаттуу жасалган курулуш боюнча тийиштүү жетекчилердин ишин баалады.

Ошондой эле көлөмү 1 кубка чейин жеткен бул сууну тамчылатып сугаруу системасы менен пайдаланып, эки эсе көп жерди өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк жаралаарын белгиледи.

Белгилей кетсек, келерки жылга каналдын башкы суу алуучу түйүнүнүн жана үч суу топтолуучу курулумаларынын курулушу пландалган. Бул чоң ирригациялык объектти 2024-жылдын аягына чейин бүткөрүү белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий