• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Ошто айдоочулар арасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери күчөтүлөт

Аймак 0

Бишкек, 06.07.23./Кабар/. Ош шаарынын мэриясында укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык комиссиянын жыйыны өтүп, анын күн тартибинде Ош шаардык ички иштер башкармалыгы боюнча милициянын кайгуул кызмат бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан шаар аймагында жол эрежелерин бузган жарандарга карата жана аларды болтурбоо үчүн жүргүзүлгөн алдын алуу иштери жөнүндө маселе каралды.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, ошондой эле, шаардын жолдорун капиталдык оңдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан жумуштардын жүрүшүндө жол коопсуздугун камсыздоо маселелери талкууланды.

Жыйындын соңунда тиешелүү кызматтарга бир катар тапшырмалар берилди, анын ичинде:

- жол унаа кырсыгын алдын алуу максатында айдоочулар арасында жол кыймылынын эрежелерин сактоо зарылчылыгы жөнүндө түшүндүрүү иштерин күчөтүү;
- ар аптанын жума күнүнөн жекшемби күнүнө чейин Ош шаарынын аймагында жайгашкан эс алуучу жайлардын айланасындагы негизги жолдорду көзөмөлгө алуу;
- «Жапалак унаа базары» муниципалдык ишканасы менен биргеликте жекшемби күндөрү Көкүм-Бий көчөсүнүн жол четине автоунааларын сатуу максатында токтотуп жасалма жол тыгындарын уюштурган жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
- өздүк курам кызмат учурунда жалпы кабыл алынган жүрүм-турум эрежелерин сактап, жарандар менен сылык мамиледе болуу;
- Ош шаарынын бардык муниципалдык аймактарынын башкармалыктары тарабынан унаа токтотуучу жайларды уюштуруу боюнча сунуштарды киргизүү.

Пикир

Оставить комментарий