• 87
  • 90.41
  • 0.84

Баткен районунун жашоочулары акысыз укуктук кеп-кеңеш алышты

Аймак 0

Бишкек, 04.08.21. /Кабар/. “Тилектештик автобусу” долбооруна тартылган адвокаттар жана мамлекеттик органдардын кызматкерлери тарабынан 2021-жылдын 2-августунда Баткен облусунун Баткен районундагы Самаркандек жана Жаңы-Бек айылдарынын жашоочуларына 87 акысыз укуктук кеп-кеңештер берди.

Юстиция министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, калк менен жолугушуу Самаркандек айыл аймагынын К.Тагаев атындагы орто мектебинин базасында өттү.

Ал эми 3-августта Ак-Сай, Миң-Булак айылдарынын жашоочуларына 32 акысыз укуктук консультациялар Ак-Сай айыл аймагынын конторасынын жана Миң-Булак орто мектебининин аймагында өткөрүлдү.

Жергиликтүү тургундар негизинен пенсияларды жана жөлөк пулдарды чегерүү маселелери боюнча, жер участокторун берүү, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү эсептөө жана төлөө, жана башка маселелер менен кайрылышкан.

4-августа “Тилектештик автобусу” Баткен облусунун Баткен районундагы Говсувар, Ак-Татыр айылдарына барат. Калк менен жолугушуу Ак-Татыр айыл аймагынын конторасынын базасында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий