• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абадда каникул учурунда окуучуларды көзөмөлдөө керектиги эскертилди

Аймак 0

Бишкек, 09.11.21. /Кабар/. Жалал-Абадда каникул учурунда окуучуларды көзөмөлдөө керектиги эскертилди. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад ШИИБдин Жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын инспекторлору тарабынан окуучулар каникулга чыгаар алдында мектептерде чогулуштар өткөрүлдү.

Чогулуш учурунда шаардын район менен чектешкен аймактарында мектеп окуучулары арасындагы топтошуп мушташууларга бөгөт коюу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ата-энелерге өз балдарын ар дайым көзөмөлдөп, кылмыштуулуктун жана түрдүү кырсыктардын алдын алуу керектиги эскертилген.

Белгиленгендей, коомчулуктагы терс көрүнүштөрдүн алдын алууда ата-энелер милиция менен тыгыз кызматташуу зарылдыгы боюнча атайын видео роликтер да көрсөтүлгөн. Ошондой эле катышуучуларга "Мектеп телефонсуз аймак, милициянын кеңештери” аталышындагы атайын брошюралар таркатылган.

Пикир

Оставить комментарий