• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Баткен: Санитардык-карантиндик посттор ишин улантууда

Аймак 0

Бишкек, 02.05.20. /Кабар/. Баткен облусундагы санитардык-карантиндик посттор ишин улантууда.

Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, өлкөдөгү өзгөчө кырдаал режими 10-майга чейин узартылгандыгына жана Баткен облусунда күн мурун коронавирус оорусунун жаңы учуру катталгандыктан негизги жана ички санитардык-карантиндик көзөмөл посттору өз ишин улантууда.

Ал эми ар бир айылдын кире беришине элдик кошундар тарабынан коюлган тосмо посттор алынат. Бул боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Алишер Абдрахманов бүгүн өткөн координациялык кеңешмеде тапшырмаларды берген.

"Ошол эле учурда Кадамжай районунда кооптуу илдетти жуктаргандардын саны көбөйүп жаткандыктан, Халмион, Үч-Коргон, Орозбеков айыл аймактарынын оору чыккан айылдарында посттор калтырылды жана көзөмөл күчөтүлдү. Андан тышкары, коңшу мамлекеттер менен чектеш аймактардагы посттор күчөтүлгөн тартипте иштей берет. Ал эми 30-апрелде берилген өткөрмө кагаздар 10-майга чейин жарактуу болуп эсептелет. Алар негизинен айыл чарба продукциялары жана медициналык каражаттарды алып өтүүчү унаалар жана жарандар болуп эсептелет", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий