• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Нарын: Көмүр баасы жөнгө салынууда

Аймак 0

Бишкек, 28.11.17./Кабар/. Өкмөткө караштуу монополияны жөнгө салуу агенттигинин Нарын облусундагы бөлүмү Нарын шаарындагы борбордук базарда жеке ишкерлер тарабынан сатылып жаткан көмүрдүн баасын жөнгө салууда. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Касен Асизовдун тапшырмасына ылайык, Нарын шаардык мэриясы жана Өкмөткө караштуу монополияны жөнгө салуу агенттигинин Нарын облусундагы бөлүмү тарабынан 27-28-ноябрда базарда көмүр саткан жеке ишкерлер менен жеринде жолугушуулар өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Натыйжада 250 сомдон сатылып жаткан 1 кап көмүрдүн баасы 200 сомго түшүрүлдү.

Эске салсак, көмүрдүн баасынын өсүү темпин басуу жана калкты көмүр менен өз убагында туруктуу камсыз кылуу максатында Өкмөт тарабынан 2017-жылдын 16-ноябрында №745 токтому кабыл алынган. Анын негизинде өлкө аймагында көмүрдүн баасын мамлекеттик жөнгө салуу боюнча чаралар көрүлөт.

Монополияны жөнгө салуу агенттигинин Нарын облусундагы бөлүмүнүн башчысы Данияр Үсөновдун маалыматына ылайык, учурда ар бир аймакта көмүр кенинен чыккан баасы, жол чыгымдары, пайдасы эсептелинип көмүр баасы бекитилип жатат. Бекитилген баадан кымбат саткан ишкерлерге административдик жана башка тийиштүү чаралар көрүлөт.

Ал эми Нарын шаардык мэриясынын жооптуу кызматкери Эсентур Өмүралиев билдиргендей, базарда өз алдынча көмүр саткан жеке ишкерлерден сырткары Нарын шаардык мэриясы тарабынан жеке ишкерлер менен биргеликте шаардын аймагында 3 кампа уюштурулган. 28-ноябрга карата кампаларда 260 тонна көмүр бар. Булар РТС аймагында (эски РТСтин короосу), Ленин көчөсү №104 короосунда, Жаӊы-Жол аймагында (Аттокуров Бакыт) жайгашкан. 1 тоннасына болгон баасы 3300-3500 сом, 1 кап 180-200 сомдон сатылууда.

Пикир

Оставить комментарий