• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Арал жана Сосновка постторунда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди

Аймак 0

Бишкек, 11.01.24. /Кабар/ Бүгүн, 11-январь саат 17:00дөн баштап Арал жана Сосновка постторунда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай чаралар Бишкек — Ош унаа жолунда кар жаап жаткандыгына байланыштуу, кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында кабыл алынды.

Ишканадан белгилешкендей, учурда Төө-Ашуу, Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайында кардан тазалоо жана инерттик материалдарды чачуу иштери жүргүзүлүүдө.

"Алыскы жолго чыккан айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөккө алмаштыруу, дөңгөлөктөрдүн чынжырчаларын жана күрөктөрүн алып жүрүү сунушталат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий