• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ош шаарына жаңы аймактар кошулуп, айрымдарынын аталышы өзгөрдү

Аймак 0

Бишкек, 15.03.24. /Кабар/. Ош шаарына жаңы аймактар кошулуп, айрымдардын аталыштары өзгөрдү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Тактап айтканда, КР Президенти Садыр Жапаровдун "Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө" жарлыгына ылайык, Ош шаарынын курамына Кызыл-Кыштак, Төлөйкөн айыл өкмөттөрү жана Нариман, Папан, Шарк айыл өкмөттөрүнүн бир катар айылдары да кошулду.

Мындан сырткары, эки муниципалдык башкармалыгынын аталыштары өзгөрүп, Оштун аймагында эми жалпысынан 9 муниципалдык, айылдык аймактык башкармалыктары бар:

- Ош шаарынын мэриясынын №1 “Алымбек датка” муниципалдык аймактык башкармалыгы (мурдагы Туран) Төлөнов көч. 75, болжол Т.Сатылганов мектеби;
- Ош шаарынын мэриясынын №2 “Сулайман-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгы. Ленин көчөсү 294;
- Ош шаарынын мэриясынын №3 “Керме-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгы. Кулатов кичи району н.ж. болжол ГОМ-3;
- Ош шаарынын мэриясы №4 “Манас-Ата” муниципалдык аймактык башкармалыгы. И.Раззаков проспектиси н.ж. б-л «Семетей» кинотеатры;
- Ош шаарынын мэриясынын “Жибек-Жолу” муниципалдык аймактык башкармалыгы (мурдагы Амир-тимур) С.Айни көч. н.ж. болжол №47 орто мектеп;
- Ош шаарынын мэриясынын “Курманжан датка” муниципалдык аймактык башкармалыгы" Ташкент көч. 60, болжол Карл Маркс мектеби;
- Ош шаарынын мэриясынын “Жапалак” айылдык аймактык башкармалыгы. Араван тракты 6 км, болжол Кеңеш айылынын борбору;
- Ош шаарынын мэриясынын “Кызыл-Кыштак” айылдык аймактык башкармалыгы. Жаңы-Турмуш айылы, Мукумий к., 23;
- Ош шаарынын мэриясынын “Төлөйкөн” айылдык аймактык башкармалыгы. Дыйкан-Кыштак айылы, А.Мамыров к., 77.

Пикир

Оставить комментарий