• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кара-Дарыя дарыясына убактылуу тосмо орнотулуп, суунун агымы бурулат

Аймак 0

Бишкек, 12.04.18. /Кабар/. Өзгөн районундагы Кара-Дарыя дарыясына суунун деңгээлин азайтып, каптоо коркунучуна кептелген үйлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында убактылуу тосмо курулат.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматынайы ылайык, Кара-Дарыя дарыясында суунун агымын өзгөртүп, убактылуу тосмо куруу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.

Бардыгы болуп 10 инженердик техника тартылган.

Эске сала кетсек, кечээ, 11-апрелде катуу жааган жаанга байланыштуу Кара-Дарыянын суусунун деңгээли көтөрүлүп, жээктен ашып, дээрлик 350 га жер тилкесин каптаган.

Ошондой эле суу Жаңы-Жол тилкесиндеги болжол менен 50 турак үйлөрдү суу каптоо жана табигый жээкти жеп кетүү коркунучу жаралууда.

Пикир

Оставить комментарий