Бишкек, 30.09.21. /Кабар/. Баткен районунун сел алган аймактарында көпүрөлөр курулуп жатат. Бул тууралуу Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирет.
Белгилей кетсек, райондун аймагында ушул жылдын июлунда жааган жаандын кесепетинен суунун деңгээли көтөрүлүп, Кыштут айыл өкмөтүнүн Согмент, Газ айылындарында турак үйдүн короолоруна сел суулары кирип, ички чарбалык унаа жолун кум-шагылга толтурулуп, 3 көпүрө бузулуп кеткен.
Бүгүнкү күндө Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан аталган айылдарда көпүрөлөр курулуп, учурда иш өз нугунда жүрүүдө.
Пикир
Оставить комментарий