Баткен шаарында 15 га жерге муниципалдык соода-сатык комплекси курулууда

Аймак 0

Бишкек, 19.06.24. /Кабар/. Ишкерлерди колдоо жана аларга шарт түзүү максатында Баткен шаарынын Чет-Булак кварталына заманбап муниципалдык соода борбору курулуп жатат. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Муниципалдык соода-сатык комплексин куруу үчүн Баткен шаарынын мэриясы Чет-Булак аймагынын "Айгүл-Таш" көмөк чордону участкасынан 15 га жер тилкесин бөлүп берген.

Долбоордун жалпы суммасы 250 млн сомду түзөт. Соода-сатык комплекси ишке берилсе 2,5 — 3,5 миңге чейин жаран жумуш менен камсыз болору күтүлүүдө.

Бул каражат республикалык бюджеттен Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталып, жыл сайын бөлүнгөн 500 млн сомдун эсебинен каржыланууда.

Белгиленгендей, курулуш иштери 2023-жылдын октябрында башталган. Бүгүнкү күндө соода-сатык комплексинин “А” бөлүгүнүн пайдубалы түптөлүп, фермасы жасалды, учурда монтаждоо иштери жүрүп жатат. Анын курулушу күз айларына бүткөрүү пландалган.

Ал эми 2024-жылга карата муниципалдык соода-сатык комплексинин "Б" бөлүгүнүн курулушуна даярдык көрүү жана казуу иштери жүрүп жатат. 2024-жылдын аягына "А" жана "Б" блогун ишке берүү аракети көрүлүүдө. Негизи обьект үч сектордон турат.

Соода борборунда кийим-кече, азык-түлүк, айыл-чарба, курулуш материалдар борборлору, тамактануу жана тейлөө жайлары, унаа базары, унаа токтоочу жайлары болот.

Аймакка электр энергиясы жеткирилген, таза суу жана сугат суу жеткирүү иштери жергиликтүү бийлик менен инвесторлрдун биргелешкен аракети менен ишке ашууда.

Аталган соода-сатык борборун куруунун негизги максаты ишкерлерге заманбап шарт түзүү, шаар ичиндеги мыйзамсыз соода сатыктарга бөгөт коюу, борбордук көчөлөрдө автоунаа тыгындарын азайтуу менен шаардын инфраструктурасын чыңдоо, жергиликтүү бюджетти өстүрүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий