• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Араванда турак үйлөрдө өрт коопсуздугун алдын алуу иштери жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 02.03.22. /Кабар/. Араванда турак үйлөрдө өрт коопсуздугун алдын алуу иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Араван району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан райондун С.Юсупова жана Чек -Абад айыл өкмөттөрүнүн, Бабур, Кызыл-Аяк, Таныр көчөлөрүндө жайгашкан турак үйлөрдүн жашоочуларына өрт коопсуздугун алдын алуу иш-чараларын жүргүзүштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө айыл тургундарына жылытуучу приборлорду жана мештерди пайдаланууда өрт коопсуздугунун талаптарын так сактоо керектиги айтылды.

Мындан тышкары, ӨКМдин кызматкерлери жергиликтүү тургундарга өрттүн алдын алуу боюнча маалымат баракчаларын таратып, 112 жана 101 куткаруу кызматтарынын номерлерин эскертишти.

Пикир

Оставить комментарий