• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Ош шаары Индия менен ар тараптуу кызматташат

Аймак 0

Бишкек, 22.06.23. /Кабар/. Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев менен Индиянын Кыргызстандагы элчиси Арун Кумар жолугушту.

Ош шаардык мэриясынан билдиришкендей, тараптар билим берүү, соода тармактарын өнүктүрүү аркылуу эки тараптуу кызматташуу боюнча маселелерди талкуулашты.

Марс Исаев Ош шаарынын мэриясы аталган тармактарда кызматташууга жана мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлердин ортосунда тажрыйба алмашууга кызыкдар экенин белгилеп, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун атынан Арун Кумар мырза баштаган жумушчу топту расмий түрдө Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына арналган майрамдык иш-чарага катышууга чакырды.

Элчи Ош шаарынын мэриясы Индия тарап менен дайым туруктуу өнөктөш болуп келгендигин жана ар тараптуу көмөк көрсөтүп жатканын белгилеп, Марс Исаевдин чакыруусуна ыраазычылыгын билдирди.

Мындан сырткары, жолугушууда, тараптар эки өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү максатында, Ош шаарында келечекте электромобилдерди чыгаруу, инвестицияларды тартуу боюнча долбоорлорду түзүү жана ишке ашыруу тууралуу сүйлөшүштү.

Пикир

Оставить комментарий