• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Hyundai Elevators CO Кыргызстанды Азиядагы борбордук рынок кылууну көздөөдө

Экономика 0


ишкек, 22.06.23. /Кабар/. Түштүк Кореянын лифт чыгаруучу Hyundai Elevators CO компаниясы Кыргызстанды өзүнүн Азиядагы борбордук рыногу кылууга ниеттенүүдө.

Аталган компаниянын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү - "Hyundai Elevators" ЖЧКнын башкы директору Рахат Жунушбаева "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында "Hyundai Elevators`тун" өкүлдөрү Кыргызстанда 14 жылдан бери иштеп келе жатканын, ал эми расмий өкүлчулүгү катары иштеп баштаганына 10 жыл (2023-жылдан бери) болгонун белгиледи.

"Ушул жылы биздин кызматташтыгыбызга 10 жыл болду. Бул аралыкта көп иштер жасалды. Кыргызстандын көптөгөн ири долбоорлорунда биздин компания жабдыктарды жеткирүүчү катары катышты. Бүгүнкү күнгө чейин биз лифттерди тейлөө жана модернизациялоо боюнча 50дөн ашык адисти даярдадык. Жакынкы аралыкта кесиптик техникалык лицейлерде окуу класстарын ачууну пландап жатабыз. Бул үчүн Түштүк Кореядан бул жакка адистер жиберилип, алар каалоочуларды окутушат. Биз бул тармакта Кыргызстандын рыногунда алдыңкы орунду ээлейбиз жана продукцияны жеткирүүнүн көлөмүн өнүктүрүүнү жана көбөйтүүнү пландап жатабыз", - деди директор.

Hyundai Elevators CO компаниясынын Европа, КМШ жана Монголия боюнча аймактык лидери Юнг Джи Хун компания аталган өлкөлөрдө жана Кореянын өзүндө дагы алдыңкы орунду ээлей турганын белгиледи. Анын айтымында, компания 1984-жылы Кореяда негизделип, өлкөнүн ичинде, андан кийин чет өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда ийгиликтерге жетише алды.

"Биздин негизги максаттарыбыздын бири – Кореяда эң мыкты болуу жана чет өлкөлөрдөгү компанияларга инвестиция салуу. Биз Кыргызстанды Азиядагы борбордук рынок кылууну пландап жатабыз. Азыр биздин жылдык жүгүртүүбүз 20 млрд долларды түзөт, 2030-жылга карата 50 млрд долларга жетүү менен дүйнөдө лифт чыгарган компаниялардын бештигине кирүүнү көздөп жатабыз", - деди ал.

Компаниянын чет өлкөлөргө сатуу боюнча департаментинин директору Шим Гю Хун кошумчалагандай, азыркы учурда компания Түштүк Корея боюнча 150 миң лифтти тейлейт. Ошондой эле ал Кыргызстан менен кызматташтык үчүн бардык аракет көрүлө турганын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий