Жалал-Абадда мектеп окуучулары карыларга камкордук көрүшүүдө

Аймак 0

Бишкек, 26.09.17 /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы жалпы билим берүүчү мектептерде окуучулар менен карыялар жолугушуулары өткөрүлүп, “Карысы бардын – ырысы бар” аттуу ачык сааттар уюштурулууда. Бул тууралуу Жалал-Абад мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Шаардык билим берүү бөлүмүнүн кадрлар бөлүмүнүн башчысы Манап Исмаилов билдиргендей, мектеп окуучуларынан түзүлгөн топтор жалгыз бой кары-картаңдардын үйлөрүнө барып, аларга өз жардамдарын берип жатышат.

Анын айтымында, шаар мэриясы тарабынан 15-сентябрь жана 15-октябрь аралыгында кары-картаңдарга камкордук көрүү боюнча жарыяланган айлыктын алкагында шаардык билим берүү бөлүмүндө атайын иш-чаралар иштелип чыгып, алар ырааттуу ишке ашырылууда.

“Шаардагы менчигинин түрүнө карабастан жалпы билим берүүчү мекемелерде тарбияланып жаткан окуучулар мекеме-уюмдарда эмгектенип, ардактуу эс алууга кеткен карылардан кабар алышып, жакындан жардам берип жатышат. Ал эми биз болсо аларга материалдык колдоо көрсөтүүнү колго алдык. Бул айлыктын алкагында окуучуларга адеп-ахлактык тарбия берүүнү да колго алып, ага карыяларыбызды тартуудабыз”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий