Баткен шаарында "Элден элге жардам" кайрымдуулук дүкөнү ачылды

Аймак 0

Бишкек, 22.09.23. /Кабар/. Баткен шаарында "Элден элге жардам" кайрымдуулук дүкөнү иштеп жатат. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, кайрымдуулук дүкөнү чет мамлекеттерде иштеп жүргөн Баткен облусунун жашоочуларынын демилгеси менен уюштурулду.

Дүкөндө негизинен муктаждарга акысыз азык түлүктөр берилет.

Баткен шаарынын тургуну Жумабай Шакиров, Дамира Шакирова жана Айбек Надировдордун демилгеси Россияда иштеген Кыргызстандыктардын колдоосуна ээ болгон. Алар дүкөндү каржылоо үчүн атайын эсеп ачып, ай сайын акча каражатын которуп турууну макулдашкан.

Топтолгон каражатка турмуш тиричиликке керектелүүчү негизги азык түлүктөр алынып, дүкөнгө коюлат жана муктаждарга таратылат.

"Учурда бул демилгесини Америкада эмгектенген мекендештер, жергиликтүү колунда бар тургундар да колдоого алып, жардам берүүнү каалаган жарандардын катары көбөйүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жана жалгыз бой жардамга муктаж энелер, турмуш шарты оор үй-бүлөлөр келип азык түлүк алып кетсе болот.

Белгилей кетсек, дүкөндүн уюштуруучулары жарандардын муктаждыгын аныктоодо жергиликтүү бийлик органдары тарабынан берилген тизменин негизинде иш алып барат. Дүкөн ачылгандан бери 200 адамга жардам көрсөткөн.

Дүкөн жуманын дүйшөмбү, шаршемби, жума жана ишемби күндөрү саат 11:00дөн 16:00гө чейин иштейт. Дареги Самат Сыдыков көчөсү. Жардам алууну жана жардам берүүнү каалагандар +79629530231 воцап номуруна, Шарапат Сулаймановага байланышса болот.

Пикир

Оставить комментарий