Баткен шаарында муниципалдык "Автобекет" курулууда – эскиздери

Аймак 0


Бишкек, 19.06.24. /Кабар/. Баткен шаарында муниципалдык "Автобекет" курулууда. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, бул үчүн Баткен шаарынын мэриясы Чет-Булак аймагындагы Курманжан-Датка көчөсүнөн 1 га жер аянтын ажыраткан.

Курулушка республикалык бюджеттен, Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталган 500 млн сомдун эсебинен 42 млн сом бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө автобекеттин административдик имаратынын курулушу 75% ишке ашырылып, курулуш иштери андан ары уланууда.

Курулуш быйылкы жылы бүткөрүлүп пайдаланууга берилүүсү пландалган.

Автобекеттин айланасын көрктөндүрүү жана жарыктандыруу иштерине жергиликтүү бюджеттен кошумча 2млн сом каралган.

Мындан сырткары, Баткен облусун өнүктүрүү программасына ылайык, 2024-жылга карата шаардын Чет-Булак аймагында жайгашкан өнөр жай зонасынын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча 2 долбоор сунушталып, жактырылган. Алар:

  • өнөр жай аймагына 1,0 га жер тилкесине жалпы суммасы 40 млн сомду түзгөн 110/35/10 кВт жогорку чыңалуудагы көмөк чордонун куруу долбоору;
  • өнөр жай аймагынын инфратүзүмүн жакшыртуу долбоору. Анда 88,1 млн сомго, жолго асфальт төшөө, канализация жана суу түтүктөрүн тартуу, тротуар куруу иштери жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий