• 87.45
  • 90.16
  • 0.85

Баткен шаарында жыл башынан бери өспүрүмдөр катышкан 2 кылмыш катталган

Аймак 0

Бишкек, 26.04.22. /Кабар/. Баткен шаарында ички иштер башкармалыгынын балдар менен иштөө инспекторлору №3 А.Имаров жана Кызыл-Жол орто мектептеринин окуучулары менен жолугуп, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча бир катар түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда өспүрүмдөрдүн коопсуздугу, алардын жүрүм-туруму боюнча талкуулар болуп, мектеп окуучулары арасындагы укук бузуулардын, зордук-зомбулуктурдын алдын алуу боюнча лекциялар окулуп, баарлашуулар жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, быйылкы жылдын 3 ай аралыгында Баткен шаарынын аймагында жаш өспүрүмдөр катышкан 2 кылмыш катталып, бети ачылган.

Пикир

Оставить комментарий