• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Баткен шаарындагы 375 орундуу жаңы мектеп жакында пайдаланууга берилет

Аймак 0

Бишкек, 07.07.22. /Кабар/. Баткен шаарындагы жаңы мектептин курулушу план боюнча жүргүзүлүүдѳ. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда курулуш иштеринин даярдыгы 90% түзүп, жакында пайдаланууга берилет. Азыркы учурда подряддык уюм тарабынан сырткы жасалгоо жана көрктөндүрүү боюнча иштер жүргүзүлүүдѳ.

Мындан тышкары, окуу процесси үчүн керектүү жабдуулардын жана эмеректерди орнотуу иши башталды.

Белгиленгендей, мектеп 375 окуучуга ылайыкталган, бул калктуу конушта 700 окуучуга чейин окутууну камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Анда долбоор боюнча окуу корпусу, галерея, ашкана, спорттук зал, актовый зал, ошондой эле жабдылган химия, физика, информатика класстары курулууда.

Эскерте кетсек, мектептин куруулушу 2020-жылы Сауд өнүктүрүү фондунун насыялык каражатынын эсебинен башталган. Анын сметалык баасы 1 млн 263 миң долларды түзѳт.

Пикир

Оставить комментарий