Баткен жана Согди облустарынын башчылары кыргыз-тажик чек ара аймактарын бирге карап чыгышты

Аймак 0

Бишкек, 01.06.21. /Кабар/. Кечээ, 31-майда, КРнын өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев менен Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода жолугушту.

Баткен облусундагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушу кыргыз-тажик чек арасында өтүп, анда чек ара аймактарындагы коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жаатында жасалып жаткан иш аракеттер талкууланды.

Жолугушууда жетекчилер 28-30-апрель күндөрү орун алган окуянын кесепеттерин жоюу, эл арасында кооптонууларды жок кылуу үчүн түшүндүрүү иштерин улантуу зарылдыгын белгилешти.

Белгилей кетсек, буга чейин аткарылбай келген 2019-жылдын 18-сентябрындагы эки тараптуу протоколдун Кыргызстандын Максат, Тажикстандын Овчу-Калача айылдарынын ортосунда милициянын биргелешкен жөө патрулун коюу боюнча пункту макулдашылып, натыйжада эки тараптан тең, коомдук коопсуздукту көзөмөлдөө үчүн милициянын жөө патрулу коюлду.

Абдикарим Алимбаев менен Раджоббой Ахмадзода кыргыз-тажик чек арасындагы бир катар маселелерди жеринде чечүү үчүн чек ара аймактарын бирге карап чыгышты.

Белгилей кетсек, эки облус башчысы буга чейинки жолугушууда чек ара аймактарында жаралган көйгөйлөрдү кечиктирбей, ыкчам чечип туруу үчүн жума сайын жолугуп турууну макулдашышкан.

Пикир

Оставить комментарий