• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Баткенде 2 килограммга жакын баңгизат менен кылмыштуу топ кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.08.24. /Кабар/. Баткенде 2 килограммга жакын баңгизат менен кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө Баткен районунун айрым жашоочулары баңгизат сатып жүргөнү аныкталган.

Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында баңгизат сатып жүргөн жарандардын өздүгү такталып, алар Баткен районунда жашагандыгы такталган.

2024-жылдын 15-август күнү БМЖКККнын кызматкерлери Бишкек шаарында бара жаткан “Хендай” үлгүсүндөсү унааны токтотушуп, 1973-жылы туулган Т.Ж. жана 1988-жылы туулган Ж.А.ны кармашкан. Тинтүү жүргүзүү учурунда автоунаадан полиэтилен баштыгына оролгон 4 даана салмагы 1 кг 991 граммды түзгөн “гашиш” баңгизаты алынган.

Унаанын ичиндеги 1973-жылы туулган Т.Ж. жана 1988-жылы туулган Ж.А. аттуу жарандар кылмышка шектүү катары кармалып, убактылуу кармоо жайына камалды.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий