• 87.6
  • 93.91
  • 0.99

Баткенде 2 жаштагы кызды сабоого шектелип өгөй атасы кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.06.24. /Кабар/. Баткен районунда милиция кызматкерлери 2 жаштагы кызды сабаган деген шек менен өгөй атасын кармашты. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7-июнь күнү 2 жаштагы кыз Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын сыныктар бөлүмүнө түшкөн. Бул факт ошол эле күнү милицияга кокустук катары катталып, текшерүү иштери жүрө баштаган.

Окуя жаш наристеге байланыштуу болгондуктан Баткен ОИИБдин ыкчам тергөө тобу түзүлүп, окуяны тыкыр иликтеп, КР Кылмыш-жаза кодексинин "Уруп-сабап кыйноо" беренесинде көрсөтүлгөн кылмыш белгилери бар болгондуктан кылмыш иши козголгон. Арыз менен таянеси кайрылган.

Тергөөнүн жүрүшүндө Баткен районунун Бужум айылынын 40 жаштагы тургуну Ж.Т. шектүү катары суракка алынып, убактылуу кармоо жайга киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий