• 88.68
  • 95
  • 0.95

Өкмөт аппаратынын мурдагы жетекчиси Самат Кылжыев коррупцияга шектелип кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.11.20. /Кабар/. Өкмөттүн аппаратынын мурдагы башчысы Самат Кылжыев коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Аскер прокуратурасынын ведомстволор аралык ыкчам тергөө тобу жана Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы мамлекеттик кызмат адамдары тарабынан радио жыштыкты сатуу жана сатып алуу боюнча келишимдерди түзүү жана аларды пайдалануу үчүн лицензияны кайра каттоо боюнча коррупция фактысынын негизинде сотко чейинки өндүрүш ишин жүргүзүүдө.

2020-жылдын 11-ноябрында Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренеси боюнча өкмөттүн аппаратынын мурдагы башчысы "К.С.А" кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий