• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Быйыл 10 айда Кыргызстанда 4 миң 899 жол кырсыгы катталып, 596 киши каза болгон

Коом 0

Бишкек, 12.11.20. /Кабар/. Быйыл 10 айда Кыргызстанда 4 миң 899 жол кырсыгы катталып, жол кырсыктарынан 596 киши каза болгон, 7 миң 289 адам ар кандай жаракаттарды алышкан. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Былтыркы жылдын 10 айына караганда быйыл жол кырсыктарынын саны 9,8%га, каза болгондордун саны 6,7%га, жаракат алгандардын саны 13,3%га азайган.

Учурда өспүрүмдөр онлайн окуп, үйдө болгонуна карабастан жаш өспүрүмдөрдүн катышуусу менен жол кырсыктары да катталууда. Быйыл 10 айда өспүрүм балдардын катышуусу менен 1 миң 51 жол кырсыгы болгон (былтыркыга салыштырмалуу 25,1%га азайган). Ал жол кырсыктарында 75 бала каза болгон (8,5%га азайган), 1 миң 227 бала жаракат алган (26,1% азайган).

Башкармалыктан белгилешкендей, оор кесепеттерди, башкача айтканда адам өмүрүн алып, оор жаракаттарга алып келген жол кырсыктары көбүнчө жол кыймылынын катышуучулары, айдоочулардын жол эрежелерин одоно бузушунан, мас абалда унаа башкаруу, кууп өтүү жана маневр жасоо, карама-каршы тилкеге чыгып кетүү жана ылдамдык эрежелерин бузууларынан келип чыгат. Маселен, жакында эле Чүй жана Баткен облустарында болгон жол кырсыктары 8 (3 жана 5) адамдын өмүрүн алган. Ал жол кырсыктары карама-каршы тилкеге чыгып кетип, ылдамдыкты сактабагандыктан болгон.

“Коопсуз шаар долбоору киргизилип, фото-видео байкоолор жүргүзүлгөн жерлерде айдоочулар эрежени сактап, ал эми башка жактарда өздөрүнүн кайдыгерлигин көрсөтүп жаткандыгы баарыбызга маалым. Ошондой эле калктуу аймактардагы жөө адамдарды унаа менен уруп кетүү фактылары дагы дал ушул ылдамдыкты сактабагандыктан келип чыгууда. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкерлердин кызмат өтөөчү жерлери жол кырсыктары көп катталган, авариялык абалдар көп болгон жерлерге белгиленет. Муну менен бирге токтолуп кете турган нерсе, КР мыйзамдарына жана ИИМдин буйруктарына ылайык жол кыймылын көзөмөлдөөчүлөр жол эрежелери бузулбаса (айрым иш-чаралар болгон учурларда гана токтотууга укуктуу) жөнү жок унааларды токтотпойт”, - деп билдирет аталган башкармалык.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы, жарандардын социалдык тармактар, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жол кыймылын көзөмөлдөөчүлөрдүн ишмердүүлүгүнө көңүл бурушу бул жакшы көрүнүш экенин белгилеп, алар жарандардын ар бир билдирүүсү менен кайрылууларына көңүл буруп, көзөмөлгө алып, текшерүү жүргүзүп, мыйзам бузуулар болсо, чара көрүүгө даяр экенин билдирет.

Пикир

Оставить комментарий