Бишкек, 12.10.20. /Кабар/. Бүгүн, 12-октябрь күнү Улуттук энергетикалык холдингдин мурдагы төрагасы Айбек Калиев жазасын өтөп жаткан мекемеге өз ыктыяры менен кайтып келди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
УКМКдан белгилешкендей, ал 5нен 6-октябрга караган түнү мыйзамсыз бошотулган.
Жаза мөөнөтүн өтөөсү үчүн Айбек Калиевди Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемесине УКМКнын кызматкерлери коштоп барган.
Пикир
Оставить комментарий