• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бишкектин 12-кичи районундагы карьер мамлекетке кайтарылды

Коом 0

Бишкек, 18.10.23. /Кабар/. Бишкектин 12-кичирайондогу Аалы Токомбаев көчөсүндөгү 60 гектардан ашык жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаев Фейсбук баракчасына жазды.

Анын айтымында, жер тилкеси 32 жыл мурун 49 жылга ижарага берилип, ал жерден тешкенин тешип, кум-ташын баарын сатып колдонуп келишкен.

"Мындан ары мамлекеттин эсебинде болот жана мамлекет өзү иштетет", - деп жазды ал.

Пикир

Оставить комментарий