• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

"Юнисон Групптун" эксперти Бишкектеги түтүндүн негизги себептерин атады

Коом 0

Бишкек, 16.06.22. /Кабар/. “Юнисон Групптун” коомдук фондунун энергияны натыйжалуу пайдалануу боюнча эксперти Жаныбек Кулумбектов “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Бишкектеги абанын булганышынын негизги себептерин атады.

Анын айтымында, абанын булганышына сапатсыз көмүр жагуу, транспорттон чыккан газдын көбөйүшү жана таштандыларды өрттөө себеп болуп жатат.

“2021-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан абанын сапаты боюнча антирейтингде 7-орунду ээледи. Белгилей кетсек, 2020-жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу кыштын салыштырмалуу жылуу болгонуна карабастан маалыматтар дээрлик өзгөрүүсүз калган. Жогорудагы көрсөткүчтөрдүн негизги себептеринин бири Бишкек шаарындагы көптөгөн конуштар шаардык инфраструктурага кошулбаганы болууда. Ошентип газ жана борборлоштурулган жылытуу системасынын жоктугунан турак жайларды жылытуу үчүн сапатсыз көмүр, дөңгөлөктөр жана тигүү калдыктары пайдаланылып, ал кыш мезгилинде борбор калаанын абасынын булганышынын жогорку деңгээлине алып келүүдө”, - деди ал.

Соңунда эксперт Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, өпкө рагы жана жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза болгондордун үчтөн бири абанын булганышынан болуп жатканын жана дүйнөдө 7 млн жакын адам абанын булганышынан жабыркай турганын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий