• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Жер мунапысы. Жыл башынан бери 36 миңге жакын кызыл китеп берилди

Коом 0

Бишкек, 20.12.23. /Кабар/. Жыл башынан бери Кыргызстанда 35 миң 873 жерге жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-декабрга карата республика боюнча мамлекеттик акт алууга 137 миң 397 арыз кабыл алынып, 77 миң 172 арыз коомдук билдирүүгө илинген.

"Анын негизинде 22 миң 716 техникалык паспорт жана 35 миң 873 жерге жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт берилди", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, мамлекеттик акт "Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө" КР мыйзамына жана КР министрлер кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 токтому менен бекитилген "Жерге мунапыс берүү тартиби жөнүндө" жобону негизинде берилүүдө.

Жер мунапысынын объектиси болгон жерлерди которуу (трансформациялоо) боюнча иштер бүгүнкү күндө жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тарабынан жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий