• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Транспорт министрлиги ашуулардагы абал тууралуу айтып берди

Аймак 0


Бишкек, 20.12.23. /Кабар/. Транспорт жана коммуникация министрлиги ашуулардагы абал тууралуу айтып берди.

Министрликтен белгилешкендей, 19-декабрда Жон-Булак ашуусундагы Эки-Оттук-Соң-Көл автожолунда бороон болуп, министрликтин№41 жол тейлөө ишканасынын жумушчулары кар тазалоочу техникалар менен карларды тазалашып, тайгакка каршы инерттүү материалдарды чачышты.

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 306-346-чакырымдарында жогорудагыдай иштер жүргүзүлгөн.

Ал эми Талас-Тараз-Суусамыр унаа жолуна Өтмөк ашуусунда майда кар жаап, жолчулар тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлдү.

Ал эми Чыйырчык ашуусунун 37-80-чакырымына №959 жол тейлөө ишканасынын жумушчулары атайын кар тазалоочу техникалар менен инерттүү материалдарды чачышты. Ошондой эле, Суук-Дөбө ашуусундагы Ылай-Талаа-Гүлчө мамлекеттик маанидеги автожолунда тайгакка каршы инерттүү материалдарды чачышып, кардан тазалашты.

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Чапчыма ашуусундагы Ала-Бука - Жаңы - Базар-Кировка автожолунда кардын калыңдыгы 15-30 см жетет жана бул жерде да кардан тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Ушундай эле иштер Сөөк ашуусунда жүргүзүлүп, атайын техникалар менен механизаторлордун кезметчилиги уюштурулду.

20-декабрда Бишкек-Ош автожолунун Төө-Ашуу ашуусунда майда кар жаап жатат. Жеринде №9 ЖТИнин жумушчулары трассаны кардан тазалап жана инерттүү материалдарды чачышууда. Ушундай эле иштер бүгүн Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Ала-Бука - Жаңы - Базар-Кировка, Айгыр-Жал, Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолдорунда жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий