• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Жалал-Абаддагы "Чычкан" постунан баңгизат ташыган аял кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 08.02.23. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда "Чычкан" чек ара постунда "гашиш" баңгизатын ташыган аял кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, КР Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси менен козголгон кылмыш ишинин алкагында ("Өзгөчө ири өлчөмдө баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу, мыйзамсыз даярдоо") Жалал-Абад облусунун "Чычкан" постунда “Хонда Одиссей” үлгүсүндөгү ууна токтотулган, ыкчам маалымат боюнча унаада баңгизаттарды ташыган жүргүнчү болгон.

Унааны текшерүүдө ичинде ширеңке түрүндөгү кочкул жашыл түстөгү, өзгөчө жыты бар кыры кесилген 51 даана баңгизатка окшош зат табылып алынган. Анын алпы салмагы 615 граммды түзгөн.

Экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат “гашиш” болуп чыккан.

Кармалган жаран 1976-жылы туулган Токтогул районунун тургуну Ш.А. экендиги аныкталган.

Азыркы учурда кармалган жаран Ош шаарынын тергөө абагына киргизилип, бул кылмыш ишине тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча мындан аркы иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий