• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

УКМК: Салык кызматынын кызматкери пара менен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.11.19. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкери пара менен кармалды, - деп билдирет КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 21-ноябрында УКМК ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарында 20 000 миң сом пара алып жаткан учурунда Бишкек шаарынын Ленин райондук Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын кызматкери А.М., кармалды.

"Маалым болгондой, кармалган адам салык маселесин чечүү жана жең ичинен колдоо максатында жеке ишкерден акча акча каражатын талап кылган", - деп айтылат маалыматта.

Материалдар сотко чейинки өндүрүштүк иштердин негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмү боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адамга карата сот органдары тарабынан үй камагына камоо боюнча баш каргоо чарасы каралды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий