Опера жана балет театрынын директору бир айга камакка алынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.12.23. /Кабар/. Бишкектеги А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын директору Алмазбек Истамбаев 2024-жылдын 4-январына чейин Бишкектеги СИЗО-1ге камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Эске сала кетсек, өткөн жумада УКМК кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелүүдө деп театрдын директорун кармаган.

КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын (мындан ары – КУАОЖБТ) лизингдик ишмердүүлүгүндөгү коррупцияны аныктоо жана бөгөт коюу боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө, КУАОЖБТнын балансында турган мамлекеттик мүлк үчүн узак мөөнөттө ижара келишимдерин түзүүдө, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталган.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) козголгон кылмыш ишинин негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

Пикир

Оставить комментарий