• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте баңгизат ташуунун жашыруун каналы аныкталды

Укук тартиби 0


Бишкек, 04.03.21. /Кабар/. Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын Криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери баңгизаттарын жашыруун ташуу каналын аныкташты, анда белгисиз жаран ири өлчөмдөгү баңгизаттарды таратуу жана сатуу менен алектенген, ошондой эле КРнын Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын түзөтүү мекемелерине баңгизаттарын жеткирип турган. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Шаардык милициянын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери болжолдуу кылмышкердин изине түшүшкөн. Ыкчам маалыматты ишке ашырууда 1988-жылы туулган шектүү “К.М.” кармалып, аны тинтүүдө өзгөчө жыты бар 1 кг 425 грамм баңгизаты табылып алынган.

Аталган факт Бишкек шаардык ленин райондук ИИБдин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси боюнча (Сатуу максатында баңгизаттарды мыйзамсыз даярдоо) сотко чейинки өндүрүш башталган.

Ленин райондук ИИБдин тергөө кызматы тарабынан шектүү “К.М.” КР КЖК 98-беренеси боюнча Бишкек шаардык ИИББ убактылуу кармоо жайына камалды.

Азыркы учурда кармалгандын башка мыйзамсыз иштерге катыштыгы бар-жогун аныктоо боюнча иштер уланууда.

Пикир

Оставить комментарий