Баткенде 44 адам коронавирус жуктуруп, анын 34ү айыгып чыккан

Аймак 0

Бишкек, 24.06.20. /Кабар/. Бүгүнкү күнгө карата Баткен облусунда коронавирус оорусун жуктурган 44 жаран катталып, анын ичинен 34ү айыгып, ооруканадан чыккан. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда облуста изолятордо 12, обсерватордо 127, үй карантининде 483 жаран бар, ал эми анализ алынгандардын саны 15 миң 2 адамды түзөт.

2020-жылдын 27-январынан баштап 22-июнуна чейин облуста тепловизор аппаратынын текшерүүсүнөн өткөндөрдүн жалпы саны 211 миң 296га жетти.

Пикир

Оставить комментарий