• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Баткенде "Ак-Сарай" соода борбору күйүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 26.02.24. /Кабар/. Күн мурун Лейлек районуна караштуу Кулунду айылында жайгашкан 3 кабаттуу "Ак-Сарай" соода борбору күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрт тууралуу маалымат болжол менен 21:00дө түшүп, аны өчүрүүгө саат 21:10дон тарта жалпы 5 күжүрмөн эсеп тартылган. Тилсиз жоо саат 22:40да чектөөгө алынып, түнкү саат 12:10дө толук өчүрүлдү.

Өрттүн жалпы аянты болжол менен 400 чарчы метрди түзгөн. Жабыркагандар жок.

Пикир

Оставить комментарий