• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жыл башынан бери темир жолдогу кырсыктан 6 адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 15.09.23. /Кабар/. Кантта темир жолчулар жергиликтүү тургундарга, билим берүү мекемелеринин жана мектептердин окуучулары арасында темир жол коопсуздук эрежелери тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришти.

Темир жолчулар белгилегендей, кырсыктын негизги себептери болуп темир жолдогу коопсуздук эрежелерин сактабагандык эсептелет.

"Кырсыкты алдын алуу үчүн машинисттер поездди чукул токтотушат. Бирок токтотуу аралыгы 800 метрден 1200 метрге чейин баргандыгына байланыштуу поезд дароо токтобойт. Темир жолго бөтөн нерселерди, таштарды, металл буюмдарды таштоо фактылары дагы эле катталууда. Мына ушулардын бардыгы поезддердин участокто кечиктирилишине, поезддердин графигинин бузулушуна, натыйжада темир жолдун чыгымга учурашына алып келүүдө", - дешти томир жолчулар.

Түшүндүрү иштери Ысык-Ата районунун айыл аймактарында уланууда. Ушундай эле иш- чаралар башка райондордо да өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, 2023-жыл башынан бери темир жолдо 76 жолу поезддерди чукул токтотуу фактылары катталган. Анын ичинен 67 учурда кагылышуу алдын алынып, адамдардын өмүрү сакталган. Тилекке каршы 3 адам жаракат алып, 6 адам каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий