• 87.45
  • 90.16
  • 0.85

Баткенде арзан көмүр менен камсыздоо иши уланууда

Аймак 0

Бишкек, 13.11.24. /Кабар/. Баткенде арзан көмүр менен камсыздоо иши уланууда.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашкандай, "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын түштүк филиалы менен биргеликте жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында 7-ноябрынан тартып аймакта арзандатылган баада көмүр ташыла баштады. Учурда Сүлүктү шаарынын кенчилеринен макулдашылган баада алынган 230 тонна көмүр 6 сомдон жашоочуларга сатылууда.

13-ноябрга карата маалыматтар боюнча, жергиликтүү калк өзүн 65,9% (64,3 миң тонна) көмүр менен камсыздады. Анын ичинен социалдык категориядагы жана колдоого муктаж 1045 үй-бүлөгө акысыз 528,2 тонна көмүр жеткирилип берилди.

Мындан сырткары, буга чейин айыл өкмөттөр көмүр шахтылары менен түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп (ортомчусуз) 2300 тонна көмүр аймактарга жеткирилип, кара отун кенчилер менен макулдашылган баада базар баасынан арзан сатылды.

Белгилей кетсек, облустун көмүргө болгон керектөөсү 97-100 миң тоннаны түзөт.

Бүгүнкү күндө облус аймагында 69 стационардык көмүр сатуучу түйүнү иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий