• 87.55
  • 95.26
  • 0.98

Жалал-Абадда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Аймак 0

Бишкек, 30.08.23. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында жер титирөө катталды, деп билдирет КР ӨКМдин басма сөз кызматы.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 30-августта саат 07:10до катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Аксы районунун Кум айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий