• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Баткенде аткезчилик менен ташылып келген 3 млн сомдук дары-дармектер аныкталды

Коом 0

Бишкек, 27.09.24. /Кабар/. Баткенде аткезчилик менен ташылып келе жаткан 3 млн сомдук дары-дармектер аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Баткен" бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери Чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте бажы мыйзамын бузуу фактысын аныкташты.

Ош – Баткен – Лейлек автожолунун "Развилка" жергесиндеги убактылуу түзүлгөн мобилдик постунда КР жараны С.Б.А.нын башкаруусундагы Mercedes-Benz Sprinter 414 үлгүсүндөгү унаа каражаты токтотулуп текшерилген.

Унаанын жүк бөлүгүнөн Швейцарияда чыгарылган 6 миң даана дары-дармек табылган. Товардын жалпы салмагы 1260 кг, баасы 3 млн сомду түзгөн. Жүктүн эч кандай бажы документтери болгон эмес.

Медициналык дары-дармектер иштин бардык жагдайлары такталганга чейин "Кайырма+Дума" ЖЧКнын аймагына убактылуу сактоосуна өткөрүлүп берилди. Чогултулган материалдар УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын Баткен райондук бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий