• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Чүй жана Ленинград облустары кызматташуу тууралуу келишимге кол койду

Коом 0

Бишкек, 25.04.24. /Кабар/. Президенттин Чүй облусундагы өкүлү Канат Жумагазиев Ленинград облусунун губернатору Александр Дрозденко баштаган Россиянын делегациясы менен жолукту.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө президенттин өкүлүнүн аппараты менен Ленинград облусунун өкмөтүнүн ортосунда соода-экономикалык, илимий-техникалык жана социалдык-маданий тармактарда кызматташуу боюнча келишимге кол коюлду.

Макулдашуу учурунда эки тарап тең келишимдердин жыйынтыгы жемиштүү болуп, айыл-чарба, туризм, билим берүү, спорт өңдүү тармактарда алдыга жылуулар болооруна ишеничин билдиришти.

Белгилей кетсек, Ленинград облусу Россиянын социалдык-экономикалык жактан эң жогорку көрсөткүчтөргө ээ болуп келе жаткан аймактарынын бири. 2023-жылдын жыйынтыгы менен, облус жашоо сапатынын мыктылыгы боюнча Россиянын региондорунун арасынан алдыңкы ондукка кирген.

Пикир

Оставить комментарий