• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Ош облусунда 786 турак жай, 9 соцобъект сел сууларынан тазаланды

Аймак 0

Бишкек, 25.04.24. /Кабар/. Бүгүнкү күнгө карата Ош облусунда 786 турак жай, 9 соцобъект сел сууларынан тазаланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, облус боюнча жалпы 983 үйдүн, 9 социалдык объекттин бөлмөлөрүнө, жертөлөсүнө, короолоруна сел суулары кирген.

"Учурда анын 786 турак жайынын, бардык социалдык мекемелердин короосу, жертөлөсү сел калдыктарынан тазаланды. Калган 197 үйдүн короо-сарайларында тазалоо иштери уланууда", - деп айтылат маалыматта.

Учурда облус аймагында райондук Жарандык коргонуу комиссиялары тарабынан материалдык чыгымдар такталууда.

Жалпы Ош облусу боюнча селдин кесепеттерин калыбына келтирүү иштерине 579 жаран, 46 инженердик техника тартылды.

Белгилей кетсек, Ош облусуна табигый кырдаалдын кесепеттерин жоюу жана калыбына келтирүү максатында, облус аймагына өзгөчө кырдаалдар режими киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий