• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Нарын шаарында ички жолдор оңдолуп, суу түтүктөрү жаңыртылууда

Аймак 0


Кыргызстан эгемендүүлүк алган жылдардан бери Нарын шаарынын жолдору бир дагы жолу оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес. Быйыл өлкө башчынын тапшырмасы менен шаардын ички жолдору оңдолуп, асфальт төшөлө баштады.

Учурда 16 көчө толугу менен бүтүп, 39 көчө калды. Ушуну менен жыл аягына чейин жалпы 55 көчөнүн жолдоруна асфальт төшөлүп, эксплуатацияга берилет.

Ошол эле учурда шаардагы эскилиги жетип, жарактан чыккан суу түтүктөрү да жаңыртылып жаткан кези.

Жолдор кандай сапатта салынып, суу түтүктөрүн жаңыртуу иштери кайсы этапка жетти? “Кабар” маалымат агенттигинин журналисти Жазгүл Мадинова жеринен таанышып келди.

Пикир

Оставить комментарий