• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда жыл башынан бери 5 поликлиника жана 3 оорукана ишке берилди

Ден соолук 0

Бишкек, 11.07.23. /Кабар/. Кыргызстанда жыл башынан бери 5 поликлиника жана 3 оорукана ишке берилди. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева билдирди.

Анын билдирүүсүнө караганда, республика боюнча сменасына 48 адамды кабыл ала турган 5 амбулатордук поликлиника бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Алар Баткен жана Жалал-Абад облустарында ачылган.

Андан тышкары, Жалал-Абад облусунда 65 орундук 3 оорукана ачылган.

Пикир

Оставить комментарий