• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Аксы жана Ала-Бука райондорунда “Эл Аман” дарыканасы ачылды

Ден соолук 0

Бишкек, 04.02.24./Кабар/. Аксы Жалпы дарыгерлик практика борборунда жана Ала-Бука Жалпы дарыгерлик практика борборунун №1 жана №2 ҮДТ имаратында мамлекеттик “Эл Аман” дарыканасы ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Дарыканалардын ачылышына саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева катышты.

Ал өз сөзүндө мамлекеттик дарыканаларды ачуунун негизги максаты калктын жеткиликтүү дары-дармекке байланыштуу көйгөйлөрүн чечүү экенин белгилеп өттү.

Ведомстводон кошумчалашкандай, учурда республика боюнча жалпы 63 мамлекеттик дарыкана иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий