• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ош: пневмониядан каза болгон жаш балдар жөнүндө маалымат жалган

Ден соолук 0

Бишкек, 18.02.21. /Кабар/. Интернет тармагындагы Ошко жакын жердеги көрүстөнгө пневмониядан каза болгон балдардын сөөгүн бат-бат алып келип жатат деген маалымат жалган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ош шаардык балдар инфекциялык стационарынын башчы дарыгери Бакай Акматовдун айтымында, 2021-жылы январда жалпысынан ар түрдүү оорудан жабыркаган 356 бала дарыланып чыккан, өлүмгө жеткирген учур катталган эмес.

“Статистикалык маалыматка ылайык, өткөн жылга салыштырмалуу балдар арасында пневмония менен ооругандардын саны олуттуу азайганы байкалууда”, - дейт Акматов.

Пикир

Оставить комментарий